Бүгүн, 2-октябрда Бишкек шаарындагы Биринчи Май райондук сотунда Алмазбек Атамбаевдин жан сакчысы Канат Сагымбаевдин баш коргоо чарасына байланыштуу прокурордун өтүнүчү каралды. Сот аны 9-декабрга чейин камакта калтыруу чечимин чыгарды.
Сагымбаев Кой-Таш окуясы боюнча шектелип, 24-сентябрда Аскер прокуратурасы тарабынан кармалган. Ал адам өлтүрүүгө катышуу, кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу, тергөөгө тоскоолдук жаратуу жана баш аламандык уюштуруу фактысы боюнча айыпталып жатат.
Канат Сагымбаев Алмазбек Атамбаевди куттуктаганы үчүн 20-сентябрда УКМКнын 9-кызматынан иштен алынган.