Декларация: Экс-акыйкатчы Турсунбек Акун бир жылда 378 259 сом иштеп тапкан
Экс-акыйкатчы Турсунбек Акун 2012-жылы 378 259 сом киреше тапкан. Мындан сырткары 47,7 чарчы метр жерди ээлеген 1 батири бар экенин тапшырган декларациясында көрсөттү. Акундун жакындарына таандык 200 чарчы метр жерди ээлеген 1 үй, 2002-жылы чыгарылган Тойота Хайлэндер унаасы бар.