Президент Сооронбай Жээнбеков коронавируска байланыштуу абалды талкуулоо боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 27-январда Кытай Эл Республикасынын аймагында жана башка өлкөлөрдө жайылып бара жаткан жаңы коронавируска байланыштуу кырдаалды талкуулоо боюнча кеңири курамдагы жумушчу кеңешме өткөрдү. Ага премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев, төрага Дастанбек Жумабеков, аппарат жетекчилиги, айрым өкмөт мүчөлөрү, бир катар мамлекеттик органдардын жетекчилери катышты.

Вирустун өлкө аймагына киришине жол бербөө боюнча тиешелүү мамлекеттик органдар тарабынан көрүлүп жаткан чаралар талкууланды.

Саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев, Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Уларбек Шаршеев, тышкы иштер министринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиев жана өкмөткө караштуу Мамлекеттик ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук инспекциянын директору Калысбек Жумаканов көрүлүп жаткан чаралар тууралуу комплекстүү маалымат беришти.

Өлкөнүн өкмөтү тарабынан эпидемиологиялык кырдаалды көзөмөлдөө жана республиканын аймагына жаңы коронавирустун кирүүсүн алдын алуу боюнча ыкчам штаб иштеп, зарыл чаралар көрүлүп жатканы белгиленди. Ага тиешелүү органдардын өкүлдөрү кирген.

Учурда республика боюнча бир дагы коронавирусту жуктуруп алуу фактысы катталган эмес, өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаал көзөмөлдө. Өлкөнүн көзөмөл-өткөрүү пункттарында текшерүүлөр дене табын өлчөгүчтөр менен санитардык-карантиндик пункттардын адистери тарабынан ишке ашырылууда.

Расмий маалыматтар боюнча, Кытайдын аймагында бүгүнкү күндө 4614 кыргызстандык студент бар, алардын 14ү Ухан шаарында. Кыргыз Республикасынын Кытайдагы элчилиги алар менен туруктуу байланышып жатат.

Өлкө башчы өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалды күнү-түнү мониторинг жүргүзүү зарылдыгын баса белгиледи. Ал зарыл болгон бардык алдын-алуу чараларын күчөтүүгө чакырып, азыркы кырдаал тууралуу так эмес маалыматтарды таркатууга жол бербөө максатында калкка маалымат жеткирип туруу маанилүү экенин баса белгиледи.

Өкмөткө республиканын аймагында вирустун пайда болушуна жол бербөө боюнча конкреттүү иш-чаралардын планын иштеп чыгууну жана өлкөнүн көзөмөл-өткөрүү пункттарынын ишин күчөтүүнү сунуштады.

Конкреттүү участоктордо профилактикалык чараларды көрүү боюнча тийиштүү мамлекеттик органдардын жетекчилерине жеке жоопкерчилик жүктөлөрү өзгөчө белгиленди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан