"Covid-19 коронавирус инфекциясынан көз жумган адамдын денеси инфекцияны тарата албайт жана көмгөнгө кооптуулук туудурбайт". Мындай маалыматты 2020-жылдын 17-мартында Женевадагы брифингде Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун басма сөз катчысы Кристиан Линдмайер билдирген. Линдмайердин сөзү боюнча маркумду акыркы сапарга узатуу кызматынын кызматкерлери каза болгон адамдын денесинен коронавирусту жугузуп албаймбы деп коркпой эле койсо болот. "Коронавирус аба аркылуу жугат, эбола дарты сыяктуу эмес" деп кошумчалайт маалымат катчы. Эскерте кетсек, эбола эпидемиясы ооруган жана каза болгон адамдын каны, кусунду, заара жана башкасы аркылуу жугат.
Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун көрсөтмөсү
Негизи Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму коронавирустан көз жумган адамды акыркы сапарга узатуу жаатында көрсөтмө берген. Ал көрсөтмө боюнча Covid-19 коронавирусунан каза болгон адамдын денесине мүмкүн болушунча тийбөө (кол менен) кажет. Денесин көмүүгө даярдоодо коронавирустан сактануу шарттарын максималдуу түрдө колдонуу керек. Дене көмүүгө даяр болгон соң андан колго оору жугуу коркунучу азаят. Бирок маркумду өөп же кучактап жакын контактта болбоо зарыл.
Аалымдар Кеңешинин чечиминде кандай?
Жаман айтпай жакшы жок демекчи, дүйнөгө жайылган пандемиядан эгер Кыргыз өлкөсүндө адам көз жумуп калса, Аалымдар кеңешинин чечимине ылайык, Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын коронавирус оорусунан кайтыш болгон адамды акыркы сапарга узатуу боюнча эреже иштелип чыккан. Бул тууралуу Муфтияттын басма сөз кызматынан билдиришти.
Коронавирус оорусунан көз жумган адамды жуу, кепиндөө жана жерге берүү маселесинде шарият төмөндөгү көрсөтмөлөрдү берет:
Жаназа намазын окуу үчүн атайын бир убакыт белгиленген эмес. Даяр болуп калган сөөктү көп күттүрбөстөн жаназасын окуп жерге берүү негизги иш.
Илдеттин жугуу кооптуулугу бар болгон учурларда жаназа намазын мүмкүн болушунча аз кишинин окуганы абзел. Ошондо да оорунун жугуштуулугун эске алуу менен зарыл чараларды көрүү керек, тактап айтканда, намазга катышуучулардын ортосунда белгилүү аралык сакталууга тийиш. Мындай кырдаалда эгерде бир нече маркумдун сөөгү даяр болсо, баарына бир жаназа окуу жетиштүү болот. Оорунун жугуу ыктымалы жогору болсо, тиешелүү инсандар тарабынан жерге берилген маркумдун жаназасын, кабырынын башында кыбылага беттенип окууга да болот.
Негизи, кооптуу учурда деле, адистердин кеңешине ылайык зарыл чаралар жана коргонуу шарттары аткарылган соң маркумду шарият талап кылган тартипте жууп, ак кепинге ороп жерге берүү керек. Маркумду майрам сууга алган жана шарият талап кылгандай кепиндеген учурда башка адамдарга оорунун жугуу коркунучу бар болсо, анда төмөндөгүдөй амалдар жетиштүү болот:
Сөөктү шарияттын негизинде көргө кепин менен көмүү кооптуулук жарата турган болсо, атайын (сөөк салуучу) сумка же табыт менен көмүүгө да болот.