Бүгүн, 4-октябрда Жогорку Кеңештин 7-чакырылышына депутаттарды шайлоо өтүүдө.
Шайлоо участкалары таң эрте саат 08:00дөн тарта иштеп башташты. Добуш берип, жарандык милдетин аткаргандардын катарын толуктаган Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов болду. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Шаар мэри №1215 шайлоо участкасына келип добушун бергени маалымдалат.
Буга чейин өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Балбак Түлөбаев Каракол шаарындагы №3142 шайлоо участкасында добушун бергени жазылган.
БШКнын маалыматына ылайык, өлкө боюнча шайлоочулардын саны 2 миллион 973 миң 525ти түзөт.