Ак Үй алынды. Учурда митингдин катышуучулары Ак Үйдүн ичинде жүрүшөт. Анда "сындырба" деген чакырыктар чыгууда.
Ак Үйдүн ичинен сүрөттөр.
Учурда митингчилер УКМКнын дарбазасын талкалашты.
Жогорку Кеңештин жыйындар залында митингчилер жүрүшөт.
Алмазбек Атамбаев УКМКнын абагынан чыгып, эл арасында.
Сооронбай Жээнбеков учурда Бишкекте экендигин, ал түнкү саат 2ге чейин Ак Үйдө болгонун маалымат кызматы кабарлады.
Алмазбек Атамбаевди УКМКдан алып чыккандан кийинки видео.