Испаниянын атактуу "Реал Мадрид" клубун учурдагы башкы машыктыруучу Зинедин Зидандан кийин Рауль Гонсалес машыктырат. Мындай чечимди клубдун жетекчилиги кабыл алганын чет элдик спорттук басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, клубдун жетекчилиги Зидандан кийин башкы машыктыруучулук кызматка аргентиналык Маурисио Почеттинону карап келишкен. Бирок Почеттино "ПСЖ" клубу менен келишим түзгөндөн кийин жетекчилик Зидандан кийин Рауль Гонсалестин кызматты жетектешин жактырышкан.
Рауль Гонсалес 2019-жылдан бери "Реал Мадриддин" экинчи командасын машыктырып келет. Анын жетекчилиги астында команда өткөн жылы УЕФАнын Жаштар Лигасын жеңип алган.