Интернет желесине президент Садыр Жапаровго кайрылып, эки кабаттуу мектеп салып берүүсүн айткан окуучунун видеосу тарады. Анда окуучу президентке салам жолдоп, Балбай баатыр айылына жаңы мектеп салып берүүсүн өтүнүп жатканын көрүүгө болот.
"Садыр Жапаров, мына сиз президент болдуңуз. Биздин Балбай баатыр айылына эки кабаттуу мектеп салып берип койбойсузбу. Азыр мектебибиз көгөрүп, онлайн окууга өттүк. Жаңыдан жакшы окуп баштаганда кайрадан онлайн окууга өттүк. Онлайн. Ошо болмок беле? Давай, эки кабаттуу мектеп салып бериңиз, мектеп салсаңыз анан эл-журт сизди жакшы көрө баштайт", - деп айтып жатканын угууга болот.
Видеодо сүйлөп жаткан окуучу Бекболот Бактыбеков. Ал былтыр дюшес ичип отурган видеосу менен интернет жылдызына айланган. Тагыраагы, социалдык трамактарга 1-класстын окуучуларынын видеосу тарап, анда видеого тарткан жигит балдарды сөзгө тарткан. Окуучулардын бири "Ар бирибиз мусулманбыз, сүрөткө тартпачы, байке. Дюшести карызга алдык эле. Ошону төлөп коёсузбу?" деген.