"Токио-2020": "Он экинчи". Эрназар Акматалиев Олимпиадага жолдомо утту

Бүгүн, 11-апрелде коңшу Казакстандын Алматы шаарында "Токио-2020" жайкы олимпиада оюндарына тандап алуу турниринин үчүнчү күндүк беттештеринин жарым финалы Бишкек убактысы боюнча саат 13:00дө башталды.

Турнирге Кыргыз өлкөсүнүн атынан 57 килограмм салмак ченинде катышкан Эрназар Акматалиев жарым финалда өзбекстандык дагы бир күчтүү делинген Ильяс Бекбулатов менен кез келди. Эки балбан тең мыкты беттеш тартуулап жыйынтыгында кыргыз балбаны ири эсепте жеңилип жатып, атаандашынын далысын жерге таза басып, жеңишке жетти.

Муну менен Эрназар Акматалиев турнирдин финалына чыгып, Кыргыз курамасына он экинчи жолдомону алып келди. Эрназар, азаматсың!

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Zarema11
2021-04-11 14:04:46
ийгиликтер болсун эр азаматтар!
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан