Той-аш өткөргөндөргө күмүш сырга. Бодо мал сойсоң айыпка жыгыласыңбы?

Үлпөт-той, аш-мааракелерди өткөрүүгө чектөөлөр киргизүү боюнча мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду. Мыйзамдын демилгечиси депутат Улукбек Ормонов.

Эгер аталган мыйзам долбоору кабыл алынса анда төмөнкү эрежелерге баш ийүүбүз шарт болот:

1.Үй-бүлө салтанаттары, ырым-жырымдар жана иш-чаралар 100дөн ашпаган адамды чакыруу менен жүргүзүлөт.

2.Үлпөт той салтанаттары 200гө чейинки адамга банкет менен бир күндүн ичинде өткөрүлөт.

Никелешүүнү мамлекеттик каттоо салтанаты 3төн ашык эмес жеӊил автоунаасын колдонуу менен өткөрүүгө уруксат берилет.

Сөөктүү көмүү жана аза күтүү ырым-жырымдары:

  1. Маркумду акыркы сапарга узатууда катышуучулардын санын чектөөсүз жана ири мүйүздүү мал жана жылкы союусуз өткөрүлөт.
  2. Өлгөндөн кийин аза күтүү учуру боюнча ырымдар 100дөн ашпаган адамды чакыруу менен ири мүйүздүү мал жана жылкы союусуз өткөрүлөт.

Зыяратка баруу:

  1. Зыяратчыларды узатуу жана тосуу учурлары боюнча иш-чаралар талаптуулук менен үй-бүлөнүн тегерегинде өткөрүлөт.
  2. Зыяратчылык учуру боюнча конок кылуу менен жалпы иш-чараларды уюштурууга катуу тыюу салынат.

Үлпөт той, үй-бүлө, маараке салтанаттарын, көмүү ырым-жырымдарын жана маркумдун элесине арналган иш-чараларды өткөрүүгө талаптар:

  1. Үлпөт той, үй-бүлө, маараке салтанаттарын, көмүү ырым-жырымдарын жана маркумдун элесине арналган иш-чараларды өткөрүү турак үйлөрдүн аянттарында (короолорунда), жеке үйлөрдө же ресторандарда, кафелерде, ашканаларда жана үлпөт залдарында коомдук тартиптин талаптарын сактоо менен өткөрүлөт. Өткөрүү эс алуу күндөрү саат 8.00дөн 23.00гө чейин, ал эми иш күндөрү саат 18дөн 22.00гө чейин жүргүзүлөт.

Аталган эрежелерге баш ийбеген жеке жарандарга жогорку айып 17 миң 500 сом, ал эми юридикалык тараптарга 55 миң сом 8-категориядагы айыпка жыгылышат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (21)
aibekkk
2021-05-11 17:08:09
Кошмойун да жок кылсынчы москвада иштеген акчаны тойлорго кошуп койуп журобуз
+19
assanov97
2021-05-11 17:20:01
aibekkk,тура жонле барып тамак жеп келели
+14
Nina.alex
2021-05-11 17:38:54
Айып пулун жогору кылса болмок. Азыркы учурда 17.5мин кээ бирлерге чихня
+8
uli1234
2021-05-11 17:40:24
Колдош керек жакшы мыйзам экен
+8
nurik73
2021-05-11 18:01:29
Тойлорду чакан эле кылса болот. Бир туугандарынды жана жакын досторунду жакырып кой болду. А то кудасынын кудасы, жездесинин акесинин укасы, досунун кайнатасынын кайниси болуп эле кете берет. Зачем ашыкча. Жамандыкта тем более кереги жок ашыкча тамак аштын. Куран окуп койуп тарап кетиш керек. Кедейлерге кыйын эле элди тойгузуш. Бул мыйзамын деле иштебейт 17000 сом толоп койуп откозо беришет. Дагы бир нолду кошуп койуш керек а то жон эле само пиар болуп калыптыр
+7
Scorpion_09
2021-05-11 18:01:31
Ысырапчылыкты токтотуш керек ,туура
+7
bond0202
2021-05-11 18:22:20
Жакшы демилге,колдойлу.айыл окмот,ички иштер органдары тарабынан катуу козомол болуш керек.антпесе эл токтотбойт.чынында катуу карантинде да откоруп жатышты
+5
Asmat84
2021-05-11 20:46:03
Жакшы демилге экен. Бирок кичине коё тургулачы. Ушул убакка чейин канчалаган тойго бардык эми мен да той кылып ошол акчаларды өндүрүп алайынчы анан сразу токтотолу антпесе менин берген акчаларым кошмойлорум аларда калып кетпесин
-2
nazira...
2021-05-11 21:28:55
Дастаркон канча сомдук жасалгада болоорун да карашбаптыр,орозо питир сыяктуу, ошонусу эле тойгозот. Союз маалда өлгөн жерде эч нерсе жасачу эмес, тескерисинче куран окутканы барган адамдар так санда 1 же 3 нан көтөрүп барып куран окутуп кете беришчү, кийит пийити жок эле. Мыйзамга дагы роддомдо төрөгөн аялга шаан шөкөтү жок чыгарыш керектигин да кошуш керек. Керек болсо үйдө өткөрсө да чек коюш керек, особенно дасторконго. А то тою да, олүмү да бирдей болуп калды, бизге окшогондорго эле кыйын.
+1
nazira...
2021-05-11 21:36:48
Өлүмдө контролду молдолорго берип аларды да иштетиш керек. Тойлорду кафе ресторанга,участк.милиция, домком, терр.советтерге бериш керек. Анан ошо контрол кылгандары үчүн айлыгына % кошуш керек.Контролду эле катту кылып турса 2,3 жылдын ичинде көнүп кетебиз. Мындайча айтканда байы да, кедейи да бирдей той, бирдей тажия кылышыбыз керек.
+1
nazira...
2021-05-11 21:41:11
Иншаллах өнүгүп кетебиз.
+1
Mital.89
2021-05-11 22:03:01
Силер чараны элге эмес. Ресторан кафелерге тыйу салгыла. Кафе ресторандарга айып пул салыш керек. 100 ашык адамга той откоргонго айып пулдун чонуну салыш керек
+2
Nursul
2021-05-11 22:29:20
Баарына бирдей иштеген мыйзам болсо жакшы мыйзам экен мага жакты. Өзгөчө той топурларга маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнатындагы ысырапкорчулукка чектөө коюлса жакшы болмок. Бир адам каза болуп Мечиттеги жаамат болуп барып мал сойдурбай койсок элдер таркап кетишти мал сойбосонор кеттик деп маркумдун баласы болбой сойдурду эле элдер кайра келди тамак үчүн эле келип калышыптыр азыркы ак сакалдар туура сөзүн да айта албай пакет пакет тамактарды ташып кетишти анан.
+1
Janibek1970
2021-05-12 00:01:18
Карапайым элден акча алуу учун мыйзам жазыптыр да. Милисиясы да салык полисиясы да акчаны алып ундобой кете беришет 100 киши катышты дешип 500 адам келсе да. Чимкириктер
+1
Beks0207
2021-05-12 00:05:57
Жек жактарга максималдуу штраф 17500 мыйзам боюнча андан ашырганга мыйзам жол бербейт ошого ичип рульга отургандарга 17500кылган болбосо 30 40мин кылса да болмокта
0
Ale
2021-05-12 02:54:30
Ушул мыйзам кучуно кирсе копчулук суйунсо керек себеп бизде чыгым ысапкорчулук ото коп тапканыдын кобу ушул жакшы жаман иштерге жумшайсын кошпой койун десен уяласын туура чечим чыгарыптыр бул законду шарят да колдойт
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан