Кыз-келиндер күрөшү боюнча Кыргыз улуттук курама командасынын мүчөлөрү 8-14-июнь күндөрү Польшанын борбору Варшава шаарында өтө турган "Poland Open" рейтингдик эл аралык мелдешине катышат. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктен билдиришти.
Ошондой эле спортчулар мелдешке ийгиликтүү даярдануу максатында 22-майдан 7-июнга чейин Эстониянын Таллин шаарында өтө турган эл аралык окуу-машыгуу жыйынга катышат.
Кыз-келиндер күрөшү боюнча улуттук курама бул мелдешке төмөнкү курамда катышат:
1. Айсулуу Тыныбекова 62 килограмм;
2. Айпери Медет кызы 76 килограмм;
3. Мээрим Жуманазарова 68 килограмм;
4. Нураида Анаркулова 59 килограмм;
5. Назира Марсбек кызы 59 килограмм;
6. Нурбек Изабеков башкы машыктыруучу;
7. Бактыгүл Алишева дарыгер;
8. Константин Еремич массажист.
Белгилей кетсек, кыз-келиндер күрөшү боюнча курама команда Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттикке караштуу Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясы тарабынан иш сапарга жөнөтүлөт.