Футбол: Лионель Месси "Барселона" клубунун жаңы сунушуна макул болгондугу айтылды

Атактуу аргентиналык футболчу Лионель Месси 30-июнда келишими аяктаган "Барселона" клубунун кайра жаңы сунуштаган келишимине макул болду. Бул тууралуу чет элдик спорт басылмалары жазды.

Маалыматка ылайык, жаңы келишим 5 жылга түзүлгөн. Футболчу клубдагы маянасын 50 пайызга кыскартууга макул болгон. Месси клубдагы финансылык кырдаалды түшүнүү менен башка оюнчуларга үлгү болгусу келген.

Тараптар азырынча жаңы келишим боюнча расмий жарыялай элек.

34 жаштагы аргентиналык футболчу өзүнүн карьерасынын бардыгын каталониялык клубда өткөргөн. "Барселона" менен Месси төрт жолу Чемпиондор Лигасын жеңип алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
nukura_jigit
2021-07-14 21:57:34
ПСЖдан күтүп жаттым эле дааа
0
Dembele84
2021-07-14 22:38:00
Ясно болгон башында эле,что калышы
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан