Камактагы Мелис Аспеков инфаркт алып ооруканага жаткырылды

УКМК тарабынан кармалган Мелис Аспеков инфаркт алып ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу SUPER.KG порталы иниси Азамат Аспековго байланышканыбызда тастыктады.

"Кечээ, 10-августта кечинде ооруканага жаткырылган. Дарыгерлер инфаркт миокарда деген диагноз коюшту", - деп билдирди Аспеков.

Мелис Аспеков 8-январда УКМК тарабынан кармалган. 10-январда Биринчи Май райондук сотунун чечими менен ал жана дагы бир активист Улан Жураев "Кыргыз темир жолу" ишканасынын жетекчилигинин арызынын негизинде камакка алынган. УКМК алар бул ишканадан 250 миң доллар талап кылганын билдирген. Кийин Жураев үй камагына чыгарылган.

Кийин тергөө абагында отурган активист Аспеков Фейсбуктагы баракчасына президент Жапаров талапкер учурунда шайлоо кампаниясына экс-президент Сооронбай Жээнбековдун үй-бүлөсүнөн 10 миллион доллар алганы тууралуу билдирүү жазган.

Ички иштер министрлиги анын бул билдирүүсүнө байланыштуу сотко чейинки териштирүү баштаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан