Орусияда мигранттарды кармап, депортациялоо күчөдү. Миңдеген кыргыз мигранттарынын тагдыры үчүн бийлик кандай чара көрүш керек деп ойлойсуз?

Орусия бийлиги мигранттарга тартипти жана жазаны кескин күчөттү. Күн сайын жүздөгөн мигрант аталган өлкөнүн Федералдык миграция кызматы тарабынан кармалып, көпчүлүгү сот чечими аркылуу административдик тартип бузду деген сыяктуу айыптар менен депортацияланууда. Мунун ичинде кыргыздар да бар. Буга карата кыргыз бийлиги эмне чара көрүшү керек? Ансыз да жумуш орду жок Кыргызстанга миңдеген мигранттын кайтып келиши кошумча көйгөй жаратары турган иш. Учурдун башкы маселеси боюнча айрым инсандар пикир билдиришти.

 

 

 

Орусияда мигранттарды кармап, депортациялоо күчөдү. Миңдеген кыргыз мигранттарынын тагдыры үчүн бийлик кандай чара көрүш керек деп ойлойсуз?   

  

Каныбек Иманалиев, ЖКнын Эл аралык иштер боюнча комитетинин төрагасы:

- Бул маселе жакында каралат. Леонид Слуцкий жетектеген Орусиянын Мамлекеттик Думасынын КМШ иштери жана мекендештер менен байланыш боюнча комитетинин өкүлдөрүн Кыргызстанга чакырдык. Жолугушуу 15-16-ноябрда Ысык-Көлдө өтмөкчү. Анда Орусияда иштеп жаткан кыргызстандык мигранттардын статусу тууралуу маселе каралат. Биз мекендештерибиздин статусун Бажы биримдигине кирген өлкөлөрдүн жарандарынын статусу менен теңеп берүүнү сунуштайбыз.  

 

 

 

 

Замирбек Өмүрканов, Юстиция министрлигинин Эл аралык кызматташтык башкармалыгынын жетекчиси:  

- Бул маселе боюнча “өкмөт эч нерсе кылбай кол куушуруп эле отурат” дегенге болбойт. Келишимдердин негизинде тийиштүү иштер жүрүп жатат. Жакында Москва шаарында кыргыз-орус өкмөттөрү аралык комиссиянын 16-жыйыны өтөт. Ага Кыргызстандан премьер-министр баш болгон 30-40тай өкүл барып, мигранттардын көйгөйү ошол жыйында талкууланат. Орусия ушундай саясатты карманып, өлкөсүн тартипке келтирүүгө аракет кылып жатса, ага биз каршы чыга албайбыз. 

Ишти мигранттардын өзүнөн башташ керек. Орусияга акча табам деп барган мигрант ишине барып-келип тынч жүрүшү керек. Түз жүрсө ага эч ким деле тийишпейт. Тилекке каршы андай эмес. Бир мисал: Бир жолу Орусияга бара жатсам, учакта 10дой жалал-абаддык жигит бара жатыптыр. Иркутск шаарына бара жаткан алар учакта эле мас болчу. Кеп-кеңешимди айтып, аэропорттон түшкөндөн кийин бекер миграциялык карточка алып бердим. Же орусча жарытылуу сүйлөй алышпайт, ушул кантип болсун? Кайсы өлкөгө барсаң, ал өлкөнүн мыйзамын, каада-салтын сыйлаганды билиш керек. Жуунуп-таранып түз жүрсөң, бирөө чекеңе чертпейт. Ичип алып, ар кимге тийишсең жазага тартыласың. Орусия эмес, Бишкекте деле ушундай го.

 

Дастан Бекешев, ЖКнын депутаты:

- Бул маселени мен өткөн аптадагы парламент жыйынында көтөрүп чыктым. Жыйынтыгында Жогорку Кеңештин атынан Орусиянын Мамлекеттик Думасына атайын кат жөнөттүк. Каттын мазмунунда Орусиядагы кыргыздар кылмышкер эместиги, алар иштеп, акча тапканы барган жөнөкөй жарандар экендиги айтылат. Албетте, мыйзам бузган мигранттарды жазага тартпагыла деп айта албайбыз. Белгилей кетчү нерсе, 4-ноябрда Орусияда Элдик биримдик күнү белгиленет. Бул майрамда жаштар "Кыргыз, өзбек, тажик жана башка улуттар Орусиядан чыгып кетсин" деген лозунгдар менен чыгышы мүмкүн. Баш аламандык болуп кетпеши үчүн тартипти катуу көзөмөлгө алуу зарыл.  

Мигранттардын маселесин чечүү же жеңилдетүү үчүн элчилик менен Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги жакшы иштеши кажет. 

 

 

Жоомарт Сапарбаев, ЖКнын депутаты: 

- Орусиядагы мекендештерибизге жардам берүүнүн бир гана жолу бар – расмий сүйлөшүүлөрдү жүргүзүш зарыл. Виза режимин жеңилдетишибиз керек. Тилекке каршы башка жардам бере албайбыз. Орусия суверендүү, өз алдынча саясат жүргүзгөн күчтүү өлкө. Келечекте Кыргызстан да өнүгүп, жаңы жумуш орундары пайда болсо жарандарыбыз чет өлкөгө чыкпай, мекенинде иштеп калышы кажет.  

 

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан