Легендарлуу "Досум Үсөн" ансамблинин жетекчиси, Кыргыз Республикасынын Эл артисти Юрий Бобковго операция жасатуу талап кылынууда. Операциянын баасы 8000 долларды түзөрүн ырчы Анжелика социалдык тармактагы баракчасына жазып калтырды.
"Эки күндөн кийин Юра байке (ред.: Бобков) Түркияга саламаттыгына байланыштуу кетет. Биз чыгармачылыктагы өкүлдөр колубуздан келишинче каражат чогултуп, аракет кылдык. Бирок эки тизесине операция жасалат, дарылануу дагы керектелет.
2015-жылдан бери Юрий Бобков тизе муун оорусу менен ооруп келет. Ал 27 жыл мурун кабылган авто кырсыктан эки тизеси катуу жабыркап, көп жылдан бери азабын тартып жүрөт. Ошол оорунун кесепетинен эки тизедеги ашташкан муундарды жасалма муунга алмаштыруу зарылчылыгы пайда болду. Тизелери ооруп баса албай, балдакчан жүрүп калды. Аллахтын ыраазычылыгы үчүн көптөн-көп сураныч, акча каражаттан жардам берүүңүздү өтүнөм", - деп айтылат билдирүүдө.