Бишкекте бүгүн, 21-ноябрда депутат Ахматбек Келдибековду колдоп, тарапташтары митингге чыгышты. Жогорку Кеңештин алдында 50дөй адам чогулуп, "Алай эли кулунун таштабайт", "Ахматбекке боштондук!" деген плакаттары менен турушат. Митингчилердин арасында экс-депутат Камчыбек Ташиев да бар. Эске салсак, Башкы прокуратура тарабынан Жогорку Кеңештин депутаты Ахматбек Келдибековго карата Кылмыш жана жаза кодексинин "паракорчулук" жана "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренелерине ылайык кылмыш иши козголуп, кечээ, 20-ноябрда камакка алынган.