Өлкөдөгү 17 медициналык окуу жайды жабуу боюнча маалымат жарыялангандан кийин саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевге коркутуулар болуп жатат. Мындай маалыматты министр өзү SUPER.KG порталына билдирди.
"Азыр мага олигархтар, миллионерлер чалып алып коркутуп жатышат. Ошон үчүн мен 10 күн мурун эле "журналисттер, мага жардам бергиле" деп айткам. Сабырбек Жумабеков мындай эле, бул жерде 17 миллионер Бейшеналиевди жок кылабыз деп чыгат. Себеби талапка жооп бербеген окуу жайларды менден башка эч бир министр жаба албайт. Ошон үчүн мени сакташыңар керек. Эгер мен жок болсом бул система кайра эле келет", - деди Бейшеналиев.
Буга чейин өлкөдөгү талапка жооп бербеген 17 медициналык окуу жай жабыларын Алымкадыр Бейшеналиев билдирген. Бүгүн, 17-февралда Саламаттыкты сактоо министрлиги жабыла турчу медициналык окуу жайлардын тизмесин жарыялады.