Өлкөдөн чыгып кеткен манасчы Дөөлөт Сыдыков социалдык тармактагы баракчасына билдирүү жазды.
«Мен өлкөдөн өз үй-бүлөмдүн жана өзүмдүн коопсуздугум үчүн кетүүнү чечтим. Мен ишенбейм, сөз башка, иш башка болду. Мамлекеттик каналдардын баарынан жамандаттырып жок жалааны жаппаңыз, Садыр аба (ред. президент Садыр Жапаров). Эртең каралоолор үчүн сиз баштап жооп берчү күн келет. Кепти башкага бурумуш болуп жерди унуттурам дебегиле. Манастын жери Манаска эле калсын дегеним үчүн болуп жатат ушунун баары. Эрбол Султанбаев (ред. президенттин маалымат катчысы) сен билесиң баарын, уккансың! Мен жан тартып канча нерсе айттым, уктунарбы? Жок, анан кайра айттыңар го, башка жерге эле сала бергиле да деп. Президент чакырса келбей койду дейт. Мен бир жылдан ашык убакытта конкурстун негизинде даярдаган долбоорду жокко чыгарып, бир түндө ар кайсы жерден алып, чийип койгон долбоорду колдоп, калган жерди ала бергиле дегени бармак белем. «Семетей» киносун жабык көрсөткөндө барган 31 киши ( Манас аткаруучулар, жазуучулар, окумуштуулар, режиссёрлор) жок дебестир президенттин айтканын: Дөөлөт Сыдыков барбы, Манастын айылын ыйык дебесин, шаманизмин токтотсун. Манастын айылын, Байтик тарапка көчүрөбүз деген сөзүн дагы танабы.?
Эскерте кетсек, манасчы Дөөлөт Сыдыков SUPER.KG порталына эмнеге Кыргызстандан чыгып кеткени тууралуу түшүндүрмө берген. Анда опузалар башталганда өлкөдөн чыгып кетүүгө мажбур болгонун айткан.