Чүй облусунун Петровка айылында дүкөнгө кирген киши сатуучу кызга жыныс мүчөсүн көргөзгөн видео социалдык тармакка тарады. Видеодон сатуучу тамекини берип жатканда кардар жыныс мүчөсүн көрсөтүп жатканын байкоого болот.
Маалыматка караганда, өспүрүм кыздын туугандары бул окуя боюнча милицияга арыз менен кайрылышкан. Аталган факты каттоого алынып, тергөө иштери жүргүзүлүп баштаган. Ал эми шектүү үй камагына чыгарылган.