"Мугалимдин кызы менен окуучу кыз урушуп кетишкен". ИИМ Сузактагы окуянын чоо-жайын айтты

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда мугалимдин окуучуну башка чаап урушуп, ургулап жаткан видеосу тарап, талкууга алынган. Кийинчерээк кол көтөргөн мугалим иштен алынары маалым болгон. Бүгүн, 26-майда ИИМдин басма сөз кызматы аталган окуя боюнча маалымат берди.

"2022-жылдын 25-май күнү Facebook социалдык тармагына Сузак районунда жайгашкан орто билим берүү мектептердин биринде мугалим жашы болжол менен 15-16 жаштагы окуучу кызды колу менен бети-башына бир нече жолу уруп жиберген видео тараган. 25-май күнү аталган факты Сузак РИИБде маалыматтардын электрондук журналына катталып, алдын ала текшерүү жүргүзүлгөн. Териштирүүдө окуя 2022-жылдын 23-май күнү Сузак районунун Сафаровка айылында жайгашкан Жоомарт Бөкөнбаев атындагы окуу-тарбиялык комплексинде болгон. Аталган окуу жайдын 7-классынын окуучусу 2008-жылы туулган Д.Х.ны информатика сабагынын мугалими Сузак районунун тургуну 1987-жылы туулган Э.М. уруп койгондугу аныкталган.

Окуя боюнча мугалим суракка алынганда 23-май күнү саат 12:00дө сабак учурунда окуучу кыз менен мугалимдин кызы 7-классынын окуучусу 2009-жылы туулган К.А. өз ара сөз талашып, айтышып кетишкен. Аларга сабакта тынч отуруусун талап кылып эскерткендигин, окуучу Д.Х. мугалимге орой сүйлөгөндүктөн ачууга алдырып аны бети-башына чапкылап, тарбиялык мааниде уруп жиберген болчумун деп көрсөтмө берген.

Белгилеп кетүүчү жагдай, айрым социалдык баракчаларда бул видеонун толук варианты берилбей, мугалимдин окуучуну уруп жаткан жери эле кыркылып көрсөтүлүп калган. Текшерүүнүн жүрүшүндө толук видео алынып, анда мугалим окуучуга кол көтөргөнгө чейин окуучу мугалимге жаман сөздөрдү айтып, аны менен кайым айтышып кол көтөрүүгө себеп болгондугу такталган. Аталган факты боюнча толук жана объективдүү текшерүү максатында Д.Х. денесинен алган жаракаттардын оордук даражасын аныктоо боюнча атайын соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Ошондой эле азыркы мезгилде иштин жагдайы боюнча окуу жайдагы мугалим жана мектеп окуучулары суралып, алдын ала сотко чейинки териштирүү иштери жүргүзүлүп жатат", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан