Өлкө башчы казинонун ишине уруксат берген мыйзамга кол койду

Президент Садыр ЖапаровКыргыз Республикасындагы оюн иши жөнүндө” жана “Оюн ишинин маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзамга кол койду. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматынан билдиришти.

Мыйзамдын максаты - инвестицияларды тартуу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү жолу менен мамлекеттик бюджетке кошумча ресурстарды алып келүү болуп саналат.

"Мыйзамга ылайык ыйгарым укуктуу орган тарабынан 10 жылдык мөөнөткө берилген лицензиянын негизинде жоопкерчилиги чектелген коом жана жабык акционердик коом формасындагы юридикалык жактар гана оюн ишмердүүлүүгү менен алектенүүгө укуктуу. Лицензия берүү министрлер кабинети аныктаган тартипте акы төлөө негизинде жүргүзүлөт.

Ошону менен бирге оюн мекемеси балдар бакчасынын, мектептердин, ЖОЖдордун, башка окуу мекемелеринин, медициналык жана диний мекемелердин, маданий мекемелердин, ошондой эле турак жай имараттарында жайгаша албайт.

Мындан тышкары Кыргыз жарандары, 21 жашка чыга элек чет элдик жарандар, ишке жарамсыз чет элдик жарандары оюн жайларынын кардарлары боло албайт.

Бул өзгөртүүлөр “Кыргыз Республикасындагы оюн-зоок иши жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын концепциясына жана максаттарына шайкеш келет. Белгилеп айтканда, Салык кодекси 62-бөлүм менен толукталууда. Анда казинонун 1 оюн ойнолуучу үстөлү (1 флот) үчүн салыктын өлчөмү 2022-жылы – 750 миң сомду, 2023-жылы – 1 миллион сомду, 2024-жылдан тартып – 1 миллион 250 миң сомду түзөт", - деп жазылат маалыматта.

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2022-жылдын 22-июнунда кабыл алынган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан