Садыбакас Доолов: "Дин душмандары сөзүмдү бурмалап жатышат"

Дин душмандары сөзүмдү бурмалап жатышат. Мындай пикирин Бишкек шаарынын Свердлов районунун баш имам хатиби Садыбакас Доолов SUPER.KG порталынын кабарчысынын суроолоруна жооп берип жатып билдирди.

Сүйлөгөн сөзүмдөн кесип алышып бурмалап жатышат. Ар нерсени айтып, ызы-чуу кылып жаткандар башка маселелерде мынчалык чычылаган эмес эле. Алар дин душмандары. Акмактарга эң жакшы жооп – унчукпоо дейт. Андыктан аларга айтар сөзүм жок. Намыстуу аял, эркектерге менин айткан сөзүмдү кубаттап эле жатышат”, - деп билдирген ал.

Бүгүн, 6-июлда социалдык тармакка диний ишмер Садыбакас Дооловдун видеосу тараган. Анда имамдын ачык кийинген кыз-келиндер тууралуу кеп кылганы кызуу талкуу жараткан.

Кыргызстан Мусулмандарынын дин башкармалыгы (муфтият) Садыбакас Дооловдун социалдык тармактарда талкуу жараткан видеосуна байланыштуу териштирүү жүрө турганын билдирген.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан