“Азаттык Медиа” мекемесинин жетекчиси Айзада Касмалиева милицияга сурак берип чыкты

Кечээ, 5-июль күнү “Азаттык Медиа” мекемесинин жетекчиси Айзада Касмалиева Бишкектин Ленин райондук милициясына күбө макамында сурак берип чыкты. Бул тууралуу аталган медиа жазды.

Маалыматка ылайык, суракка чакыруунун себеби Равшан Жээнбеков социалдык тармактарга мамлекеттин тышкы карызы тууралуу жазган билдирүүсүндө бир нече медиа каражаттарынын, анын ичинде “Азаттык Медиа” мекемесинин маалыматтарын булак катары көрсөткөндүгү себеп болгон.

Сурак эки жарым саатка созулган. Анда azattyk.org сайтына жарыяланган бир нече жаңылыкка байланыштуу суроо берилип, андагы маалыматтын булактарына кызыгышкан. Мындан тышкары "Азаттыктын” сайтына чыккан бир нече макаладагы маалымат боюнча түшүндүрмө сураган расмий өтүнүч берилди.

Тергөөчү сурак кайсы бир иштин алкагында эмес, маалымат алуу максатында гана уюштурулганын билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан