“Азаттык Медиа” мекемесинин жетекчиси Айзада Касмалиева кайрадан экинчи жолу Ленин райондук ички иштер бөлүмүнө суракка чакырылды. Бул тууралуу ал Фейсбук баракчасына жазды.
Маалыматка ылайык, Касмалиева сайтта бардык керектүү маалыматтар бар экендигине карабастан кайра-кайра чакырылгандыктын логикасын түшүнбөй тургандыгын жазган.
Белгилей кетсек, Айзада Касмалиева 5-июль күнү Бишкектин Ленин райондук милициясына күбө макамында сурак берип чыккан.