ЖКнын 4-декабрдагы жыйынында депутат Дастан Бекешев өткөн аптада добуш берүүдө өтпөй калган педофилдерди химиялык кастрациялоо тууралуу мыйзам долбооруна кайрадан добуш берүүнү сунуштады. “Турсунбай Бакир уулу жок депутаттарга башка депутаттар добуш бергенин айтып сизге кат жөнөтүптүр. Буга кайрадан добуш берели”,- деди Бекешев.
Эскерте кетсек, аталган мыйзам ЖКнын өткөн аптадагы жыйынында добуш берүүгө киргизилип, бирок өтпөй калган. Мындан кийин депутат Турсунбай Бакир уулу жыйында отурган депутаттар келбеген депутаттар үчүн добуш бергенине нааразы болуп, “мыйзамга каршы добуш бергендер педофилдерди колдогондор” деген болчу.