UFC уюмунун жеңилбес мурдагы мушкери Хабиб Нурмагомедов учурда Ысык-Көлдө эс алууда.
Мушкер көлдүн кооздугуна суктанып бүтпөй, социалдык тармактагы баракчасына бомбанын быйтыкчасын коюп сүрөттөр менен бөлүшүүүдө.
Хабиб Нурмагомедов Кыргызстанга кечээ, 8-августта келип, түз эле Ысык-Көлгө барган.
Белгилей кетсек, 10-август күнү Бишкекте Хабиб Нурмагомедовдун уюму аталган EFC'нин турнири өтөт. Турнирдин негизги беттешинде кыргыз мушкери Бусурманкул Абдибаит уулу чемпиондук наамын коргойт. Анын атаандашы орусиялык Расул Магомедов аттуу мушкер болот. Хабиб Нурмагомедов бул турнирде ардактуу конок болот.