Кыргызстандын муфтийи Рахматулла Эгембердиев: "Порнотасмадагы мен жана менин ак никелүү аялым экендигин танбайм"

2013-жылдын 30-декабрында УouТube дүйнөлүк видео-порталына "Глава ДУМК Рахматулла Эгембердиев" деген аталыштагы порнотасма жарыяланды. Анда Кыргызстандын муфтийи Рахматулла Эгембердиевге түспөлдөш адамдын бир айым менен энеден туума жылаңач "сүйүү отуна" батып жаткан учуру чагылдырылган эле. Эң кызыгы, видеону жүктөгөн деген жерге "Алмас Атамбаев" деген автор көрсөтүлгөн. Видео жашыруун тартылгандыктан, баары ачык болчу. Ызы-чуу коштолгон, бирок "каармандардын" үндөрүн, атүгүл сөздөрүн ажыратып угууга мүмкүн болгон. Аталган видеотасма жарым суткадан кийин эле порталдан алынып салынган.

Кечээ, 2014-жылдын 1-январында муфтий журналисттерге аталган видеотасмадагы аял ак никелүү жубайы экенин билдирди. "Тасмадагы адам мен экенимди танбайм, бирок ал менин никелүү жубайым менен болгон ички мамилебиз. Мен тасмадагы жубайым менен төрт жылдан бери жашайм. Башкысы, Кудайдын алдында акмын. Менин жеке жашоом, жубайым менен болгон мамилем кимге кызык болуп жатканына абдан таң калдым",- деп кошумчалаган Рахматулла Эгембердиев учурда жан дүйнөсү кыйналып турганын айтты.

Ошол эле күнү анын кайната-кайненеси да видеокайрылуу жасап, муфтий Рахматулла ажы Эгембердиев күйөө баласы экенин, кызы менен төрт жылдан бери чогуу жашап келе жатканы анык экенин айтышты.

Эске салсак, Рахматулла Эгембердиевди муфтийликке шайлоо да чуу менен коштолгон болчу. Ал 2012-жылы 15-декабрга белгиленген мусулмандар курултайына бир күн калганда шайлоого катыштырбоо максатында кысымга алып жатканы тууралуу видеокайрылуу жасаган. Ошол күнү атайын кызмат Эгембердиев менен мурдагы муфтий Чубак ажы Жалиловго ажылыктан түшкөн каражаттын салыгына байланыштуу кылмыш ишин козгогон. Бул иш боюнча сот процесси азыр да аягына чыга элек.

Белгилей кетсек, Рахматулла ажы Эгембердиев 1977-жылы Баткен облусунда туулган. Бишкектеги Хазрати Умар ислам институтун бүтүргөндөн кийин окуусун Кувейт мамлекеттик университетинин шарият факультетинде уланткан. Ислам билиминен сырткары Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигине караштуу Дипломатиялык академиядан консулдук кызматкер адистигин бүтүргөн.

Анын ислам багытындагы иши 2000-жылы Баткенде казылыктан башталат. 2002-жылы Мусулмандар башкармалыгына ишке келип, билим боюнча бөлүмдү жетектейт. Андан кийин эл аралык бөлүмдү жетектеп, кийинчерээк ажылык маселеси боюнча муфтийдин орун басары болуп дайындалат.

2012-жылдын 16-июлунда Чубак ажы Жалилов кызматынан кеткенден кийин Уламалар кеңешинин чечими менен муфтийдин милдетин аткаруучулукка шайланган. Ошол эле жылы, тагыраагы, 2012-жылдын 15-декабрь күнү Кыргызстан мусулмандарынын IX курултайында Уламалар кеңешинин курамы жаңырып, Рахматулла Эгембердиев муфтий болуп шайланган.
Муфтийдин кайнатасынын кайрылуусу
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан