Чек ара кызматы: Тажик чек арачылары кыргыз тарапка миномёт менен ок чыгарышты

Бүгүн, 11-январда Баткендеги жаңжалда тажик тарап кыргыз чек арачыларына миномёттон ок чыгарышты. Муну КРнын Чек ара кызматы билдирди. Мекеменин маалыматында төмөнкүлөр айтылат:

 “2014-жылдын 7-январында Кыргызстан менен Тажикстандын вице-премьер-министрлеринин жана 9-январда эки өлкөнүн чек ара жетекчилеринин жолугушууларында жетишилген келишимге карабай тажик тарап 11-январда куралдуу чатак чыгарууга өбөлгө түздү. Окуяда тажик тарап биринчи болуп ок чыгарган. Аткылоону Тажикстандын Чек ара аскерлигинин атайын даярдыктагы аскерлер бөлүгүнүн штаб башчысы баштаган. Атышууда тажик тарап башка куралдар менен катар миномёт да колдонду.

Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматы тажик тараптан кыргыз аскерлерине курал колдонуу фактысына түшүндүрмө берүүнү талап кылат.  Кыргызстандын чек ара ведомствосу окуяны биргелешип иликтөө жана тажик аскер кызматкерлерин негизсиз курал колдонуусу үчүн жазалоо талабын коёт. Тажик чек арачыларынын бул чагымчыл аракети буга чейинки келишимдерди бузуу болуп саналат. Абалды турукташтыруу жана мындай окуяларга кайрадан жол бербөө үчүн кыргыз тарап маселени сүйлөшүү жолу менен чечүүгө даяр”.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан