“Биздин кылган ишибиздин алгачкы жыйынтыктарын 90 күндүн ичинде көрө аласыздар. Эгер Бишкек мэриясы менен шаардык кеңеш жакшы иштешсе, анда көптөгөн маселелерди тезирээк чече алабыз”,- деп бүгүн, 15-январда Бишкектин мэри Кубанычбек Кулматов кабарлады.
Анын айтымында, 3 айдын ичинде ал сунуштаган программасын ишке ашыргандыгын көрсөтөт.
Эскерте кетсек, бүгүн Бишкек шаардык кеңешинин 9-кезексиз жыйынында Кубанычбек Кулматов бир добуштан Бишкектин мэри болуп шайланды.