"Кыргыз-кытай чек арасындагы окуя боюнча операция уланууда”,- деп билдирди ЖКнын 23-январдагы жыйынында вице-премьер-министр Токон Мамытов. Айтымында, жиберилген кошумча күч кылмышкерлерди колго түшүрүүгө аракет кылууда. “Мендеги акыркы маалыматтар боюнча операция уланууда. Жыйындан чыккандан кийин байланышам”,- деди Мамытов.
Айта кетсек, жыйында жол кырсыктарына байланыштуу маселе каралууда.