Орусиянын Новосибирск облусунда 17 жаштагы кыргызстандык келиндин жаңы төрөлгөн ымыркайы төрөтканада каза болду. Бул тууралуу орусиялык ММКлар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, 2014-жылдын 27-февралында аталган шаардагы №6-төрөт үйүндө Кыргызстандын 17 жаштагы жараны дени сак баланы төрөгөн. Бирок кийинки күнү ымыркайдын кан басымы көтөрүлүп, ал кыркырап дем ала баштаган.
Наристе шашылыш түрдө жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган, бирок 4-мартта ал каза болгон.
Баланын өлүмүнүн себебин аныктоо үчүн анын денеси экспертизага жөнөтүлдү.