8-март күнү Кыргызстандагы АКШнын “Манас” авиациялык базасынын кызматкери Макрэй Брендэн Корнелиус мас абалында Б.Жамыйла аттуу бийкечти зордуктоого аракет кылып, камакка алынды. Бул тууралуу бүгүн, 10-мартта Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы жарыялады.
Маалым болгондой, америкалык жаран Шопоков-Москва көчөлөрүнүн кесилишинде бийкечке тийишип, зордуктоого аракет кылган. Андан соң ал жыныстык кызмат үчүн селкиге акча каражатын сунуштаган. Б.Жамыйла макул болбой, такси кармап, качууга аракет кылганда Брендэн Корнелиус ошол таксиге отура калган. Бийкеч айдоочудан милицияга алып барууну суранган. Такси кызматынын айдоочусу аларды Свердлов РИИБинин №10-шаардык милиция бөлүмүнө алып келип, милиционерлерди чакырган. Ошол учурда америкалык жаран эки милиция кызматкери менен мушташа кетип, погондорун жулуп салган.
АКШнын жараны Брендэн Корнелиус суракка алынганда, ал 2014-жылдын 8-мартында “Бруклин” кафесинде эс алып, мас болуп калганын айтып берген. Мындан тышкары ал 1985-жылкы экени белгилүү болгон.
“Бул факты боюнча “Коомдук тартипти коргоо боюнча милдетин аткарып жүргөн бийлик өкүлүнө, болбосо башка адамга же коомдук тартиптин бузулушуна бөгөт койгон адамга каршылык көрсөтүү менен байланышкан бейбаштык” беренесинин негизинде кылмыш иши козголду. Брендэн Корнелиус убактылуу кармоочу жайга отургузулду. Камакка алуу боюнча “Манас” авиациялык базасынын башкармалыгы жана АКШнын элчилиги кабардар болушту. Свердлов РИИБинин кызматкерлери тергөө иштерин жүргүзүп жатышат”,- деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, аталган берене боюнча кылмышкер 4 жылдан 7 жылга чейин эркинен ажыратылат.