"Өзүнүн 3 жашар кызын зордуктаган" деп шектелген жарандын иши кыргызчылык менен кечеңдеп жатат

"Өзүнүн 3 жашар кызын зордуктаган" деп шектелген жарандын адвокаттары соттун чечим чыгарышына тоскоолдуктарды жаратып, соттук процесстерди кечеңдетип жатышат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Жогорку Соттун басма сөз катчысы Айнура Токтошева билдирди. 
 

"Бул иш Биринчи Май райондук сотуна келип түшөт. Анда судья ал ишти карап чечим чыгарганга аракет кылат. Бирок соттолуучунун тарапташтары кыргызчылыкка алдырышып, судьяга ишенбөөчүлүк жарыялашат. Учурда "Ү.Сакатаевдин күнөөсү жок" деп далилдөөгө аракеттенишүүдө. Биринчи Май райондук сотунун судьясына ишенбей, Бишкек шаардык сотуна арыз менен кайрылышкан. Бирок сот алардын арызын канааттандырган эмес. Алар ага да макул болбой, Жогорку Сотко кайрылышкан. Жогорку Соттун жазык иштер боюнча соттук коллегиясы көзөмөл арызын 4-мартта карап, Биринчи Май райондук сотунун 2013-жылдын 4-декабрындагы жана Бишкек шаардык сотунун 2014-жылдын 23-январындагы аныктамасын күчүндө калтырды. Бул кылмыш иши катары каралат. Буга чейин айыпталуучулардын адвокаттары соттун өкүм чыгарышына тоскоолдук кылып, созуп келе жатышкан",- деди Айнура Токтошева.

Эске салсак, өткөн жылы апрелде "өзүнүн 3 жашар кызын сабап, андан соң зордуктап салган" деген шек менен Үсөн Сакатаев аттуу Ысык-Көл облусунун 29 жаштагы тургуну кармалган. 
25-апрелде Биринчи Май РИИБине 3 жашар кыз бирөө тарабынан сабалгандыгы жана учурда ооруканада оор абалда жаткандыгы тууралуу Улуттук госпиталдан маалымат түшкөн. Укук коргоо кызматкерлери ооруканага барганда кызды №3-балдар ооруканасына которушканын айтышкан. 
Жабырлануучу К.Э. бети бычак менен тилинген, кабыргалары сынган жана башынан алган жаракаты менен оорукананын жандандыруу бөлүмүнө которулган. 
Бул иш боюнча кыздын апасы арыз жазган. Анын айтымында, 24-апрелде күйөөсү Үсөн Сакатаев Алматы шаарынан келип, алар жашаган Бишкек шаарындагы Мурас-Ордо жаңы конушунда достору менен спирт ичимдиктерин ичишкен. Мас болуп алып үйүнөн аялын сабап, сыртка кууп чыккан. Андан соң кызын эсин жоготкуча сабап, зордуктап салган. 
Бул факт боюнча аталган жаранга карата кылмыш иши козголуп, камакка алынган. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (45)
kuban_korumbaevich
2014-03-14 05:54:44
Бул адамды созсуз турмого киргизиш керек. Ал жактан озуно жараша жазасын алат.
0
muslim_07
2014-03-14 09:17:47
Мындай мыкачыларды ХХХ ХХХ керек! Кыргызстандын мыйзамына олум жазасын киргизиш керекда озу!
0
malyw2022
2014-03-14 09:19:55
мына ушуга окшогон манкуртар учун олум жазасын киргизиш керек ушуга окшогон доопоростордон азайсак азайып келети
0
Kara_kyrgyz
2014-03-14 09:29:19
ХХХ экен го
0
admin_superstan
2014-03-14 09:43:33
bishkek.kg, Dimabek, tolkun85, infiniti, mamamia, Dasmond, Ermek_sher, maksnarin, Ak_TiLeK, IZUMRUD, sterva, shiko, shiroker, malyw2022, muslim_07, Kara_kyrgyz - баарынңарга эскертүү! Коомдук адепке туура келбеген сөздөрдү жазууга жана провокацияга жол берилбейт. Эмоцияңарды кармасаңар.
0
tokio1991
2014-03-14 11:43:17
алла нысап берсин бул адепсиз пендеге.бирок ишти жакшылап карап горуш герек неге аяалын зордуктабай кызын зордуктап койгон болот.
0
AKJOL88
2014-03-14 11:52:16
адамдар ээмне болуп баратабыз деги, качан жакшы нерселерди кылып сыймыктанабыз,ото коркунучту болуп баратабыз,аллах таллам ыйман берсин башка адам заттарга.
0
UFS
2014-03-14 12:41:53
адам падам эмес экен аа шерик
0
tumarchik
2014-03-14 13:50:24
Алматыда казактар тарынтса келип очун озунун уй булосунон чыгарганго. Бир жерин тилип эле коюш керек мындайларды!
0
kaltunlu
2014-03-14 17:56:58
bul okuyanı bız 2013 jılı tuura tursıyaga ketıp atıp uktuk takır esımden bır jıldan berı chıkpay koydu makalanı okup alıp ıyladım bul ХХХ ХХХ ХХХ ХХХ...kıchınekey kız jana apasının talamın talashıp...allah da jazasın berse eken bul aybanga
0
admin_superstan
2014-03-14 19:47:11
kaltunlu - эскертүү!
Провокацияга жол жок!
0
erikkarakulja
2014-04-05 00:58:26
Тобо мындай акмактарга эки дуйнодо жашоо жок
0
madamx
2014-04-24 22:28:17
Мындай акмактарга олум жазасын бериш керек.
0
nurgul-92
2014-06-05 19:50:59
Adam balasy ushunchalik jyrtkych ei buga kim advokat bolup jatti eken ХХХ ХХХ ХХХ...
0
hakker_a
2014-06-05 20:13:13
эээээээээ мындай жан чыдагыс жорукту кандай гана мыкачылар жасайт. Кыргызым таза кандуу элего. Же бул кыргыз эмес го. Адвокаттар да кичине мыйзамга баш ийсенер. Милдетинер куноосун женилдетсенер да болотго. Эми аны кантип актайсынар.
0
admin_portal
2014-06-06 09:44:09
Alicia, nurgul-92 - эскертүү!
Көпчүлүккө таандык этика нормаларын бузбаганга аракет кылсаңар.
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан