Башкы прокуратура "Кумтөрдөн" ири суммадагы акча чыгарылып кеткендиги боюнча кылмыш ишин козгоду

Башкы прокуратура “Кумтөр” долбоору боюнча кезектеги кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу 31-мартта аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка ылайык, алтын кендин ишмердүүлүгүн текшерүүнүн жүрүшүндө, 2013-жылы 6-декабрда “Кыргыз алтын” ААКынын жетекчиси Дилгир Жарпаровдун төрагалыгы астында “Кумтөр Голд Компани” ЖАКынын Директорлор кеңешинин жыйыны болгону аныкталган. 

Анда КРнын Өкмөтү менен макулдашпай туруп, жалгыз акционер “Центерра Голд.Инк” компаниясына 2012-жылдын эсебинен 200 миллион доллар дивиденд төлөө чечими кабыл алынганы белгилүү болгон. 

Башкы прокуратуранын маалыматына караганда, компаниянын пайдасына дивиденд төлөп берүү "Акционердик уюмдар жөнүндө" мыйзамга ылайык келбейт. 

"Мыйзамга ылайык, дивиденд төлөө 1 жыл ичиндеги таза кирешенин 25 пайызынан кем болбошу зарыл. Ал эми төлөө чечими жыл аяктагандан кийин 3 ай ичинде кабыл алынышы керек. 2012-жылы “Кумтөр Голд Компани” ЖАКы өз ишинде зыян тартып калган. 2012-жылдын аягында компаниянын балансында бөлүштүрүлбөгөн 779 миллион доллар киреше болгон. Мындан сырткары директорлор кеңеши 2012-2013-жылдарга карата дивиденд төлөбөө чечимин кабыл алышкан. 

“Кумтөр” алтын кенин иштетүү Кыргызстанды аймагында жүргүзүлөт жана КР “Кыргыз алтын” ААК аркылуу 32,75 акциялардын ээси болуп саналат. Жогорудагы көрсөтүлгөн сумма мамлекеттин кызыкчылыктарына зыян келтирет" деп билдирет КРнын Башкы прокуратурасы. 

Текшерүүнүн жыйынтыгында КРнын Кылмыш-жаза кодексинин “коммерциялык жана башка уюмдарда кызматтык ыйгарым укуктарынан кыянаттык менен пайдалануу” беренеси боюнча кылмыш иши козголду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
barsa1984
2014-03-31 19:14:57
Жоо кеткен соң кылычыңды ташка чап...чыгарылып кеткен акчаны эми эмне кылсаңар да кайтарып келе албайсыңар. Аны жалгыз бир адам чыгарып кеткен жок жана чыгарганда да кайра кайтарып ала албагандай кылып чыгарып кетишти да. Орустар айтмакчы "противник тоже не дурак"!!!
+4
Manasasman
2014-03-31 19:21:34
Мына сага. Пайдасынан зыяны коп. Бул ишаягына чыгышы деле эч кимдин козу жетпейт. Ээ койчу.
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан