Бүгүн, 10-апрелде Бишкек шаарындагы Максим Горький атындагы сейил багында Улуттук оппозициялык кыймылдын митинги болууда. Ага УОКтун лидерлери Равшан Жээнбеков, Камчыбек Ташиев жана кыймылдын башка мүчөлөрү катышып жатышат. Ошондой эле республиканын башка облустарынан да катышуучулар келишти. Митинг 11:00дө башталып, аталган сейил бакта 17:00гө чейин өтөт.
20:24 Оппозиция өкүлү Кубанычбек Кадыровдун бошотулганы айтылды. Ал бүгүн эртең менен Улуттук оппозициялык кыймылдын митинги башталар алдында милиция тарабынан кармалган эле. Бишкек ШИИББинин басма сөз катчысы Бакыт Сейитовдун айтымында, Кадыров суракка алынган. Эгер милицияда тергөөгө байланыштуу суроолор болсо, ал "келип турам" деп убада берип, митинг аяктаган маалда бошотулган.
16:19 Митингчилер тарап кетишти. Сейил бакта эч ким калган жок.
16:04 Исанов көчөсү толугу менен ачылды. Буга чейин аталган көчөнүн М.Горький атындагы сейил багына жакын жердеги бөлүгү жабылып, унаа кыймылы чектелген эле.
15:53 Азыркы тапта М.Горький атындагы сейил бакта 200гө чукул жаран турат. Жаштар таштандыларды чогултуп жатышат.
15:45 Митингге катышкандар тарап жатышат. Мелис Турганбаев журналисттерге интервью берди.
15:33 Оппозициянын митингине келген элдин басымдуу бөлүгү тарап кетти.
15:24 Равшан Жээнбеков: “Төрт жылдан бери Кыргызстанда мындай чоң митинг болгон эмес. Биринчи жолу оппозициялык маанайдагы адамдар чогулуп, бийликке каршы кадам жасап жатабыз. Биз жолубузду таптык. Ал жол бизди ийгиликке алып барат. Күч менен алынган бийлик көпкө жашай албайт, элге кызмат кылган бийлик көпкө жашайт. Биз бийликти күч менен басып албайбыз”.
15:20 “Митинг өз максатына жетти. Айта турган оюбузду айтып, коомдук пикир жарата алдык. Муну менен оппозициянын биринчи маанилүү кадамын таштадык. Бийлик баары чатак менен болот деп ойлогон. Бирок андай болгон жок” деди Равшан Жээнбеков.
15:13 Равшан Жээнбеков митинг аяктаганын жарыялап, бардык катышуучулардан бош бөтөлкөлөрдү жана башка таштандыларды алып кетүүнү суранды.
15:10 “Бизди митинг кылат деп чочулап, Ак үйдөгүлөр тарап кетишиптир. Биз барып эч кимди таппай койдук. Төрага депутаттарды саат 13:00дө эле таратып жибериптир” деди Жээнбеков.
15:10 Оппозиция бийликке 6 талап койду. 1. Адам укуктарын бузгандыгы үчүн, митингге келгендерди кармап-камагандыгы үчүн Алмаз Атамбаев отставкага кетсин. 2. Күнөөсүз куугунтукталып жаткан саруулуктарга куугунтук токтотулсун. Камалгандары бошотулсун. 3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши элдин үмүтүн актабагандыгы үчүн таркатылсын. 4. Нааразычылык акциялары мындан ары да токтобой улансын. 5. Бийлик саясий кызыкчылык үчүн жаап койгон Бишкек-Ош жолу ачылсын. 6. Ахматбек Келдибеков үй камагына чыгарылсын.
15:06 Ички иштер министрлиги "Бүгүн күч органдары тарабынан кармалгандар боюнча түзүлгөн протоколдор сотко өткөрүлүп берилет. 16 адамга административдик чара көрүлөт. Учурда кармалгандардын баары бошотулду" деп билдирди.
15:00 Митингдин катышуучулары бүгүн күч органдары тарабынан кармалган активисттер Замир Мендибаев менен Кубанычбек Кадыровду бошотууну талап кылышууда.
14:58 Митингчилер абакта отурган депутат Ахматбек Келдибековдун бошотулуусун талап кылышууда.
14:52 Митингдин коменданты Мамбетжунус Абылов депутаттар Камчыбек Ташиев, Равшан Жээнбековдор Жогорку Кеңешке кетишкенин айтты.
14:40 Оппозиция өкүлү Бектур Асанов митинг 2 сааттан кийин резолюция кабыл алуу менен бүтүшү күтүлүп жатканын билдирди.
14:38 Митингде Саруу айылынан келгендер сөз сүйлөп, бийликти адилеттүү болууга чакырышууда.
14:33 Оппозиция өкүлү Кубанычбек Кадыровдун үстүнөн арыз түшкөндүктөн, учурда ал Биринчи Май РИИБинде кармалып жатканы айтылды.
14:14 Айрым митингчилер түштөнүү маалында аларды сүрөткө тартып жаткан журналисттерди колдорундагы гезиттер менен уруп жатышат.
14:10 Митингчилерге түшкү тамак берилип жатат. Алардын ар бирине сэндвич менен суу таратылды.
14:07 Митингге оппозиция толугу менен келген жок. Ал жерде Равшан Жээнбеков, Камчыбек Ташиев, Өмүрбек Абдрахманов, Азимбек Бекназаров, Нурлан Мотуев, Мамбетжунус Абылов гана жүрөт. Бектур Асанов, Бегалы Наргозуев, Талант Мамытов, Мелис Мырзакматов келген жок.
14:00 Равшан Жээнбеков митингчилерге келди. Ал кармалган саруулуктардын бошотулганын айтты. Ошондой эле Замир Мендибаев менен Кубанычбек Кадыров гана абакта калганын айтты.
13:48 Мелис Турганбаев кармалгандар бошотулуп, бирок 16 адам калганын, кээ биринин документи жок, кызуу кандуулукка алдыргандар экенин жана Ысык-Көлдөн келген жаранга буга чейин кылмыш иши козголгонун айтты.
13:37 Азимбек Бекназаров митингдин катышуучуларына тамак алып келүү үчүн кеткен унааларды МАИ кызматкерлери кайра сейил бакка өткөрбөй жатканын айтты. Митинг болгон жерге өткөрүү үчүн Мелис Турганбаевге кайрылды.
13:32 Руслан Бекназаров (А.Бекназаровдун уулу) "Кармалгандар чыгарылбаса, мындан аркысына кыйын болот. Бакыт Аманбаевдин "саруулуктар бошотулду" дегени жалган экен" деди.
13:21 Куудул Тынар Курбаналиев: “Бул митингге оппозициянын күчүн билейин деп келдим. Негизи, бүгүнкү бийликке ишеним жоголду”.
12:29 Митингдин катышуучулары бүгүн кармалган саруулуктарды бошотууну талап кылышууда.
12:25 Акыйкатчы Бакыт Аманбаев мыйзамсыз кармалган 200 адам менен жолугуу үчүн Бишкек ШИИББине барганын айтып, митингге келген элди провокацияга алдырбоого чакырды.
13:10 “Парламентте 2 гана депутат бар экен (Равшан Жээнбековду кошуп). Алар алдыңыздарга келип отурат” деди Өмүрбек Абдрахманов.
13:00 Д.Өмүрзаков атындагы борбордук стадиондун короосунда 5ке чукул автобус жана 100дөн ашуун спецназ турат.
12:59 “Атамбаев Орусияга мамлекетке тиешелүү нерселерди сатып жатат. Репрессия жолу менен бийлик оппоненттерин жок кылууда. Бүгүн менин балдарымды кармап кетти” деди Мотуев.
12:58 Нурлан Мотуев "керек болсо Орусия менен согушабыз" деди.
12:57 Жусупбек Абдикаримов, митингчи: "Кыргызстандын патриоту, өзүбүздүн атуулубуз Ахматбек Келдибековдун атынан келдим. Ушул Алайдан болот. Акебизге, мына бизге чындык керек да. Кыргызстандын келечегин, түбүн мына ушул кылган. Бизге Ахматбекти чыгарып беришсин да. Түндүк-түштүк деп бөлбөш керек. А.Келдибековду бошотушу керек эле. Казакстандан инвестор тарткан мына ушул адам. Атамбаев кечээ келип алып эле ана-мына деп жатат. Чынын айтыш керек, Бакиев жакшы иштеп кеткен. Жаман адам эмес эле. Аны тегерегиндеги адамдар бузган да. Ахматбек Келдибеков жакында президент болоюн деп жатканда эми муну камап жатышат. Ошон үчүн Ахматбек Келдибековду чыгарыш керек".
12:45 Митингчилер арасында микрофон талаш башталды.
12:40 Камчыбек Ташиев менен Равшан Жээнбеков камалгандарды чыгаруу үчүн милиция бөлүмдөрүнө жөнөп кетишти. Алар митингге кайтып келип, улантышат.
12:36 "Камалган балдарды камамак турсун, кыйнап жатканы тууралуу маалымат келди" деди Бекназаров.
12:34 Жээнбеков менен Ташиев сүйлөп бүтүштү. Мындан ары Борончу Кудайбергенов менен Азимбек Бекназаров улантмай болушту.
12:33 Равшан Жээнбеков: “Түндүк-түштүк провокациясына алдырбайлы. Атамбаевдин "митингге жалаң Жалал-Абад жана Ош жеринен келишиптир" деп айтканы маалым болду”.
12:32 Равшан Жээнбеков: "Биз Бажы биримдигине кирип, өлкөнү сатканга макул эмеспиз".
12:25 Р.Жээнбеков Алмазбек Атамбаев Салык кызматынын мурунку жетекчиси Исхак Масалиевди кызматтан алганын сындады.
12:24 “Атамбаев, "Манастан" колуңду тарт!” деп ураан чакырылды. "Эгер тартпай турган болсо, сатылып кетсе, ал кыргыздын душманы болот. Бул күн Атамбаевдин бийлигинин алсырап бараткан алгачкы күнү" деди Жээнбеков.
11:23 Милиция кызматкерлеринин басымдуу бөлүгү жарандык кийимчен экени белгилүү болду.
11:22 Кубаныч Кадыровду эртең менен Темир жол бекетинен кармап кетишкен. Бул тууралуу Равшан Жээнбеков бүгүн митингчилер менен жолугушуп жатып айтты. Саат 14:00дө митингдин катышуучуларына тамак берилет. Баары камсыздалган.
12:19 Равшан Жээнбеков: "5 жерге адам чогултканбыз. Мыйзам бизди чогулганга уруксат берет. Бирок кинотеатрдын алдынан жана темир жол жактан кармап кетишти".
12:11 2010-жылы 7-Апрель жана Оштогу Июнь окуяларында каза болгондордун урматына куран окулуп жатат.
11:57 Митингге Бакыт Аманбаев келди. "Келген элди камап коюу - Кыргызстандын мыйзамын бузгандык" деп билдирди.
11:54 Митингде эстрада ырчылары чыгармаларын тартуулашууда.
11:53 Камчыбек Ташиев: "Уулум кайда экенин жана ким аны кармап кеткенин билбейм".
11:52 Камчыбек Ташиев: "Мамлекетте тартип болмоюнча, мыйзамдуулук сакталмайынча өлкө өнүкпөйт. Депутаттардын эч кимди чакырган жокпуз. Ким кааласа өзү келсин".
11:50 Митингге келген аялдар “Биз концерт көргөнү келдикпи?” деп кыйкырышууда.
11:47 Камчыбек Ташиев бийлик бардык ишин мыйзам чегинде жүргүзүшү керектигин баса белгиледи.
11:46 Азимбек Бекназаров 14:00гө чейин делегаттар тандалып, митингчилердин талаптары Жогорку Кеңешке жөнөтүлөрүн айтты.
11:45. Учурда ырчы Данияр Эрматов чогулгандарга "Жүрөгүм" аттуу чыгармасын тартуулап жатат.
11:42 Митинг бүткөндөн кийин камалгандарды чыгаруу боюнча чаралар көрүлөт. Ташиевдин баласын эртең менен камап кеткен.
11: 37 Равшан Жээнбеков: "Бакиев да өз учурунда элди түндүк-түштүк деп бөлүп, туугандарын бийликке алып келген. Эми Алмазбек Атамбаев да Чүй үчүн президент болгондой иштеп жатат".
11:35: Равшан Жээнбеков: "Атамбаев, "Манастан" колуңду тарт!"
11:29 Митингдин коменданты Мамбетжунус Абылов милиция кызматкерлери 500гө жакын митингчини сейил бакка жеткирбей кармап кетишкенин айтты.
11:24 Борончу Кудайбергенов: "Митингге келтирбей жолду жаап, тоону атты эле, тоо түшпөй калды. Милиция кызматкерлери бүгүн жакшы иштеп жатышат. Күндө эле ушинтип иштешсе кана".
11:21 Митингге келген элге алып баруучу Борончу Кудайбергенов бир жерге чогулууну айтып жатат.
11:15 М.Горький атындагы сейил бакта чогулгандардын саны 1500дөн ашты. Алгач 1 сааттык концерт болору айтылды.
11:11 Бишкек ШИИББинин өкүлү Бакыт Сейитов митингге катышып жаткандарга 1500 сомдон акча берилип жатканы боюнча фактылар катталганын жана ага карата чара көрүлөрүн айтты.
11:07 Борбордук аянтта эч ким жок. Кырдаалды күч түзүмдөрү көзөмөлдөшүүдө.
11:04 "Жеңиш" аянтынан жарандык кийимчен балдар чогулган 500гө жакын элди "Старый толчок" тараптагы милиция бөлүмүнө алып кетишкени айтылды.
11:00 Митингдин катышуучусу: "Митингге кыйналгандардын көпчүлүгү Ош облусунан келдик. Эч кандай тополоң болбойт деп ойлойбуз".
10:54 Митингге жүрүш жасагандардын жарымы Кожомкул атындагы Спорт Ордосуна келип токтоду.
10:53 “Жаштар өкмөтү” кыймылынын лидери Максат Кунакунов сейил бакта же борбордук аянтта митинг ызы-чууга айланып, тополоң башталса барышарын, ага чейин темир жол бекетинде болушарын айтты.
10:49 Митингчилер Тоголок Молдо көчөсү менен М.Горький атындагы сейил бакка бурулушту.
10:46 Митингдин катышуучусу: "Биз кечээ "жол жабылат" деген сөздөргө карабай Алайдан чыктык. Ош шаарына келип Араван жана Ноокат районунун тургундары менен жолугуп, кечинде 1200 адам бул жакка келдик".
10:47 Бишкектеги темир жол бекетинин алдына "Жаштар өкмөтү" кыймылынын 100гө чукул өкүлү чогулду.
10:42. Митингчилер Исанов көчөсүндө жайгашкан М.Горький атындагы сейил бакка бурулбай, борбордук аянтка бет алышты.
10:35 Митингге жүрүш жасагандардын алды учурда филармониядан өттү. Арты Турусбеков көчөсүнө кетти.
10:35 Борбор калаанын көчөлөрү МАИ кызматкерлеринин көзөмөлүндө турат.
10:30 Бишкектеги Максим Горький атындагы сейил бакта митингге даярдыктар көрүлүп, аппараттар жайгаштырылууда.
10:20 Ош тараптан келген 500 киши митингге карай бет алды. "Октябрь" кинотеатрынын алдында митингге деп чогулган эл азыр Горький сейил багын карай жүрүш алды. Алардын көпчүлүгү Алай районунан келгендер. Алар азыр Горький багына баратышат. Көпчүлүгү 50 жаштан өткөн аксакалдар.
10:15 "Спартак" стадионунда 300гө жакын милиция кызматкери чогулду.
10:12 "Октябрь" кинотеатрынын алдында учурда 500 киши турат. Алардын колунда плакат өңдүү эч нерсе жок. Митингдин башталышын күтүп, М.Горький атындагы сейил бакты карай жүрүш жасаганы жатышат.
10:09 Митингдин коменданты Мамбетжунус Абылов оппозициянын митинги башталарын айтты.
10:05 Бишкектеги Шопоков менен Фрунзе көчөлөрүнүн кесилишинде 50гө чукул адам чогулду. Ал жерди 10го жакын адам көзөмөлдөөдө.
10:02 Нурлан Мотуев митингге келген 15 адамын милиция кызматкерлери автобуска салып, белгисиз тарапка алып кеткенин айтты.10:00 Максим Горький атындагы сейил бакта 50гө чукул киши турат. Учурда алардын катарына да башка катышуучулар да келип кошулууда.
10:00 Максим Горький атындагы сейил бактан башка жактарда өткөн акцияларга, митингдерге Бишкек ШИИББи тыюу салып, атайын чара көрөт. Бул тууралуу Бишкек ШИИББи билдирүү жасаганы тууралуу маалымат тарады. Себеби митингдин уюштуруучулары митингди Максим Горький атындагы сейил багында гана өткөрө тургандарын айтышкан. Андыктан шаардын башка аймактарында акция, митинг өткөрүүгө тыюу салынат жана атайын чаралар көрүлөт.