“Мигранттар Орусиянын жарандыгын алыш үчүн Орусияда мөөнөттүү аскердик кызмат өтөшү зарыл” деген сунуш жакында каралат

Орусиянын Мамлекеттик Думасында Коргоо комитети “мигранттар Орусиянын жарандыгын алыш үчүн Орусиянын аймагында мөөнөттүү аскердик кызмат өтөшү зарыл” деп парламентке сунуш киргизди. Бул тууралуу бүгүн, 15-апрелде орусиялык басылмалар жазып чыгышты.

Маалым болгондой, кеп “Аскердик милдет жана аскердик кызмат жөнүндөгү” мыйзамга толуктоо киргизүү боюнча болуп жатат.

“Мигранттардын балдары Орусияда төрөлүп, бирок жарандыгын ала албай, мөөнөттүү аскердик кызматын өтөөгө ниетин билдирип жатышат. Бирок Орусиянын мыйзамы буга тоскоолдук жаратып жатат. Мындан тышкары мигранттар аскердик кызматты өтөгөн соң, аларга Орусия Федерациясынын паспортторун берүүнү сунуштайбыз”,- дешет мыйзам чыгаруучулар. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан