Коомдук канал 24-апрелде “Аалам сырлары-2” долбоору боюнча тергөө иштеринин жыйынтыктары тууралуу билдирүү таратты. Төмөндө билдирүүнүн толук тексти:
"Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын “Аалам сырлары-2” долбоорунун айланасындагы чыр-чатактарды териштирүү боюнча тергөө иштери жыйынтыкталды.
Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын 2014-жылдын 31-мартында чыгарган №1638-токтомунда аталган долбоордун катышуучусунан пара өндүрүү боюнча кылмыш ишин козгобоо тууралуу чечими кабыл алынган. Токтомдо “КТРКнын “Аалам сырлары-2” долбоорунун катышуучусу Исманкулова Ира Асанбековнадан (лакап аты Индира) корпорация менен эч кандай эмгектик келишими жок болгон Абдыбекова Таалайкүл Жамбылбековнанын (лакап аты Дана) 30 миң АКШ долларын талап кылышы боюнча кылмыш фактысы жок болгондуктан, бул маселе боюнча кылмыш иши козголбосун” деп айтылат.
Чечимдин КРнын Кылмыш жана жаза кодексинин “кылмыш далалаты” аттуу 28-беренесине таянып чыгарылганы белгиленген. Ошондой эле бул маселе боюнча Таалайкүл Абдыбекованын учурда Республикалык психоневрологиялык диспансерде дарыланып жаткандыгына байланыштуу аны суракка алуу мүмкүнчүлүгү болбогондугу тууралуу да жазылган.
Мындан улам КТРКнын жетекчилиги ушул токтомдун негизинде маселе такталганга чейин иштен четтетилген КТРКнын кызматкерине кайрадан иштөөсүнө уруксат берүү чечимин чыгарды.
Белгилей кетсек, үстүбүздөгү жылдын 20-февраль күнү айрым интернет басылмалар Дана аттуу айым менен “Аалам сырлары” теледолбоорунун катышуучусунан пара сурап жаткан аудиожазууну жарыялышкан. Кийинки иликтөөлөрдүн негизинде сүйлөшүүлөр Дана Абдыбекова жана Индира Исманкулова аттуу айымдардын ортосунда болгону белгилүү болгон. Ушул фактылардын негизинде КТРКнын жетекчилиги чукул жыйын өткөрүп, бардык материалдарды укук коргоо органдарына өткөрүп берүү жана долбоорду тартууга катышкан чыгармачыл топту кырдаалдын аныкталып далилденишине чейин иштен четтетүү чечимин кабыл алган. Ошондой эле КТРКнын жетекчилиги “Аалам сырлары-2” долбоорунун катышуучуларынын, эксперттеринин пикирлерин угуп, журналисттер менен да бул маселе боюнча жыйын өткөргөн. Корпорация КТРКнын кызматкерлери тарабынан каражат талап кылуу же кызмат абалынан кыянаттык менен колдонуу фактылары жөнүндө жарандардын кайрылуулары үчүн ишеним телефонун ишке киргизген.