Мындан эки жыл мурун атактуу мушкер Алмазбек Раимкулов менен шоувумен, белгилүү дизайнер Ассоль Молдокматованын баш кошуусу эл арасында уу-дуу жараткан эле. Жакындан бери эки жаштын эки ажырым жолго түшкөндүгү тууралуу кептер тараган эле. Бирок жубайлар бул маалыматты тастыкташпай келишкен.
Кечээ жакында мушкер Алмазбек Раимкулов "Супер-Инфо" гезитине бул маалыматтын чын экендигин айтып, маек курду. Анын кеңири маегин гезиттин бүгүнкү №599-санынан окуй аласыздар.