13-май күнү Түркиянын батышындагы Маниса провинциясынын Сома шаарында көмүр шахтасынын жарылуусунан каза болгондордун саны 201 кишиге жетти. Бул тууралуу Түркиянын энергетика жана табигый ресурстар министри Танер Йылдыз чет элдик ММКларга билдирди.
Анын айтымында, жарылуу болгон учурда жер астында 780 адам болгон. Алардын көпчүлүгү шахтадан сыртка чыгып кетүүгө жетишпей калышкан. Ал эми учурда жер астында калгандарды алып чыгуу иштери улантылууда. Кырсык электр зымдарынын бузулганынан келип чыккан.
Буга чейин 166 адам каза болгону жана жаракат алган 80 адам ооруканаларга жеткирилгени маалымдалган.