КG Эльмурат жубайы менен казак ырчысы Динара Дихамбаеванын “Кыз сезими” аттуу ырынын клибине тартылды. Бул тууралуу клиптин режиссёру жана сценарийдин автору Эрнист Сыдыков бүгүн, 20-майда SUPER.KG порталына билдирди.
Эрнист Сыдыков, клипмейкер: “Казак ырчылары Данияр Эрматовдун концертине келишкенде менин эмгектеримди көрүп жактырышыптыр. Көп узабай эле казак ырчысы Динара Дихамбаева клип тарттыруу сунушун киргизген. Клип күз айларында Ысык-Көлдө тартылган. Ал учурда суук болуп, кар да бар болчу. Клипке КG Эльмуратты тандап алгам, анткени анын актёрдук чеберчилиги мыкты. Жубайы да жакшы ойноп берди. Клипте жаш кыз аялы бар мырзаны сүйүп калганы сүрөттөлөт. Ал бийкечтин образын Нурмат Садыровдун "Мен сүйгөн менен пайда жок" ырынын клибине тартылган Айназик Сатимбаева ойноду”,- деп билдирет эмгеги тууралуу.
Маалымат үчүн айта кетсек, ушундай эле сценарийде жакында ырчы КG Эльмураттын “Кечир” аттуу ырынын клиби жарык көргөнү жатыптыр. Ырчынын айтымында, клипте ошол эле каармандар роль жаратышат.