УЕФАнын Чемпиондор Лигасы: Мадриддик клубдардын финалында “Реал” утуп, кубокко 10-ирет ээ болду (фоторепортаж)

Кечээ, 24-май күнү Португалиянын Лиссабон шаарында УЕФАнын Чемпиондор Лигасынын финалдык беттеши орун алып, мадриддик клубдар “Атлетико” менен “Реал” кез келишти. Жыйынтыгында “Реал” утуп чыгып, өз тарыхында 10-ирет аталган мелдештеги жеңишине жетти.

Беттеш курч мүнөздө башталып, алгачкы мүнөттөрдөн тарта командалар каршы тарапка чабуул коюп башташты. Алгачкы болуп “Атлетико” оюн эсебин ачып, оюндун калган бөлүгүндө коргонууга ыктаган оюн алып барды. Негизги убакыт жыйынтыкталып, калыс 5 мүнөт кошумча убакыт бергенде Серхио Рамос “Реалдын” эсеп катыштыгында теңелүүсүн шарттады. 15 мүнөттүк кошумча убакыттарда “Реалдын” оюнчулары өз оюнун таап, 3 гол киргизе алышты. Ал эми “Атлетиконун” оюнчулары коргонууда көп күч жумшагандыктан, оюндун акыркы мүнөттөрүндө тиешелүү деңгээлде коргонууга жарай албай калышты.

Бул жеңиш мадриддик “Реалдын” 10-ирет УЕФАнын Чемпиондор Лигасын утуусун шарттады. Ал эми башкы машыктыруучу Карло Анчелотти 2 башка клуб менен бул лиганы уткан экинчи башкы машыктыруучуга айланды (Жозе Моуриньюдон кийин).

“Реал”- “Атлетико” – 4:1

Голдор: Диего Годин (36-мүнөттө), Серхио Рамос (90+3), Гарет Бэйл (110), Марсело (118), Криштиану Роналду (120) 
УЕФАнын Чемпиондор Лигасы. Финал. "Реал" М - "Атлетико" М
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
RukaPashnik
2014-05-25 16:32:02
куттуктайм диМарияга алкыштар болсун !!!
+2
muslim7
2014-05-25 19:14:30
Оюнда Карвахаль менен Касильяс жаккан жок!
0
joodar.kg
2014-05-25 19:24:54
Чындыгында болгон кучу менен ойношту,акыры женишти Реалдыктар.Сергио Рамос жениш алып келди десе да болот,ал киргизбегенде Реал балким кубокту албай калаттыр эле.бул жерде айта кетпесе болбос Реал командасынын тренери Карло Анчолотти озунун дагы бир жолу кандай тренер экенин корсотту.
0
muslim7
2014-05-25 19:35:08
мыкты оюнчуну Ди Марияга эмес, Рамоско бериш керек эле. Рамос киргизбегенде Ди Мариянын оюну билинбейт болчу
0
realbek89
2014-05-25 19:36:29
Эмнеге коммент чыкпай жатат
0
maks.kg.11
2014-05-25 20:04:58
Реалга тен келе турган команда жок,реал супер.
0
kazatov110111
2014-05-25 21:01:26
Нala Madrid!!!!!!vamos Ronaldo!!!KR7
0
munar.toktoshov
2014-05-25 21:17:02
Серхио Рамостун башы алтындан! Алга Реал Мадрид.
0
forvard
2014-05-25 22:38:28
Реал супер!алга Серхио Рамос крассавчик
0
fara2503
2014-05-26 02:16:50
Рамос байке вы просто космос же сыйкырчы Реал озун европнын королу ким экенин дагы бир жолу тастыктады
0
Kara_kyrgyz
2014-05-26 14:10:33
Рамос красава Баварияны ургандай урду чиркин! Молочик РЕАЛ
0
Erma_k-dobo
2014-05-26 19:26:56
соонун оюн болду
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан