Алайда митингчилер менен тосулган Ош - Эркеч-Там жолун ачтыруу үчүн сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 30-майда ички иштер министри Абдулда Суранчиев “Ата Журт” фракциясынын жыйынында билдирди. Министр 2 боз үй тигилип, жолду 50дөй митингчи тосуп турганын айтты.
“Буга байланыштуу 15 протокол түзүлүп, кылмыш иши ачылды. Жол тосуу - маселени чечүүчү ыкма эмес. Кырдаалга көпчүлүк нааразы. Үч күндүн ичинде жүк ташуучу унаалардын ээлери чоң чыгымга дуушар болушту. Маалыматка караганда, жол тосуудан келтирилген чыгымдын 12-20 миллион сомго чейин жетти”,- деди Суранчиев.
Эскерте кетсек, Алайда Ахматбек Келдибековдун тарапташтары 3 күндөн бери Ош - Эркеч-Там унаа жолун бууп турушат.