Алайда митингге чыккандар талаптарын өзгөртүштү

Алай районундагы Ош - Эркеч-Там унаа жолун бууп турган Ахматбек Келдибековдун тарапташтары талаптарын өзгөртүштү. Муну бүгүн, 2-июнда Ош облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти. 

Маалыматка караганда, алар Ахматбек Келдибековду үй камагына чыгарууну эмес, аны толук бойдон абактан бошотууну талап кылышууда.

Учурда унаа жолдун ортосунда 4, жол четине 4 боз үй тигилип, 300гө чукул адам жол тосуп тургандыгы айтылды.

Эскерте кетсек, Алайдын Сопу-Коргон айылынын тургундары Ахматбек Келдибековду бошотуу талабы менен 27-майдан бери Ош - Эркеч-Там унаа жолун бууп турушат. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан