Алайда жол тоскондор боюнча 3 кылмыш иши козголду

Алайда жол тоскондор боюнча 3 кылмыш иши козголду. Бул тууралуу ИИМдин Ош облусу жана Ош шаары боюнча башкармалыгы бүгүн, 2-июнда билдирди.

Маалыматка караганда, кылмыш иштери “өзүм билемдик”, “зөөкүрлүк” жана “бийлик өкүлүнө каршы зомбулук көрсөтүү” беренелери боюнча козголду. Айта кетсек, 31-май күнү саат 16:00 чамасында Ош облусунун милиция кызматкерлери Алай районундагы жол тоскондорго түшүндүрүү иштерин жүргүзүү максатында барышкан. Бирок ал жердеги уюштуруучулардын бири Керим Сарбашев “чыгып кетсин, болбосо ур-токмокко алабыз” деп балдарды үгүттөп, Анатолий Жээнбаевди ур-токмокко алдырган. Учурда Жээнбаев ооруканада. 

Айта кетсек, 27-майда Алайда Ахматбек Келдибековдун тарапташтары митингге чыгышкан. Алар Келдибековду абактан чыгаруу талабын коюшуп, Сопу-Коргон айылында Ош - Эркеч-Там унаа жолун тосуп алышкан.     

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Afrodita-12
2014-06-02 13:41:55
Жол тоскондорго эч эле түшүнбөйм. Аксакал аталарды, "Баатыр энелерди" алдыга салып, жолго кум-шагыл төгүп, дөңгөлөктөргө өрт коюу биз үчүн жаңылык деле болбой калды. Анан да жол тоскондор үчүн атайын боз үй тигилип, мал союлуп, бий бийленип кадимки шеринедегидей элес калтырат. Эми карагыла, кыргыз үчүн ыйык делген аксакал аталарда, ардактуу энелерде барк-баа деген калдыбы }
+3
acer11
2014-06-02 14:29:17
Эч кандай уур токмок болгон эмес баары жалган. Оруканага барып озу жатып алса керекда догурунуп.
-3
vbrb
2014-06-02 15:23:28
acer11, Келдибековдун жакын туугандарынан болосун го Кара жорго бийлегендер жонундо да комментарий берип койбойсунбу
-1
Baktyyar
2014-06-02 14:30:34
Жол тоскондорго аесуз жаза ! Жазаланышы керек , эч бир жоопкерчиликтуулуе болбосо , чаржайыт башаламан болот . Мен да тосом бир куну , Бишкек-Нарын-Торугарт жолун , анткени билем , сезем , менин мындай озбилемдик , ээнбаштык кылыгым учун жаза жок экенин . Урматтуу бийлик окулдору . Чечкиндуу анан катуурак болгулачы . Катуу натыйжалуу чара коргулочу .
+2
Biinura
2014-06-02 15:36:04
Акылсыздар!
0
nur.ai
2014-06-02 15:59:06
Бул бийлик эч жарыбай калышты,калп жалган жалааа жаап,чындык дегендерди камап,кыргыздын чыгаан уулдарын аткандарды кортедж менен алып келип кызыл килемден узатышат...уят,намыс деген жок буларда...
0
admin_portal
2014-06-03 10:54:27
NURSU1993 - 3 күнгө БАН!
Провокация жарата турган билдирүүлөрдү калтырууга тыюу салынат.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан