Михаэль Шумахердин ооругандыгы тууралуу бүт аныктамалар жазылган медициналык китепчеси спортчу дарыланган Франциянын Гренболь клиникасынан уурдалды. Эми ал жашыруун сатыкка коюлушу мүмкүн. Бул тууралуу бүгүн, 24-июнда чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Шумахердин маалымат катчысы Сабина Кемдин билдирүүсүнө таянсак, спортчунун медициналык китепчеси 50 миң еврого сатылышы мүмкүн. "Мындай кадамга баруу - жеткен айбанчылык. Уурдаган адамдардан суранарым, ойлонуп иш кылгыла. Башкаларга сатып албагыла деп кеңеш берер элем. Биз алыбыздын келишинче буга чараларды көрөбүз",- дейт спортчунун маалымат катчысы.
Эске салсак, автожарыштын "Формула-1" сериясы боюнча өтүүчү Дүйнө чемпиондугунун 7 жолку чемпиону М.Шумахер 2013-жылдын декабрь айында тоодо лыжа тээп жүргөн жеринен жыгылып, комага түшүп калган.
16-июнда чет элдик маалымат булактары 5 айдан ашык убакыт бою комада жаткан германиялык автожарышчы Михаэль Шумахер комадан чыкканын жазып чыгышкан.