Бүгүн, 2-июлда Бишкекте “Камбар ата” ат сүйүүчүлөр ассоциациясынын президенти Бектурсун Алышбаев жана ассоциациянын мүчөлөрүнүн катышуусунда маалымат жыйыны өтүүдө. Жыйындын катышуучулары Каракол шаардык ат майданынын мыйзамсыз менчиктештирилип жатканы тууралуу ишти сот 5 жылдан бери карап келатканын айтышууда.
"Мурунку президент Курманбек Бакиевдин убагында коррупцияга малынган жетекчилер Каракол шаарындагы ат майданын сатып жиберишкен. 100 жылдан бери элге кызмат кылып келген ат майдан кароосуз калды. Каракол шаардык прокуратурасы иш козгогон. Андан бери 5 жыл өттү. Бул иш эл пайдасына чечилбей келет",- дейт аталган ассоциациянын мүчөсү Муслим Арбаев.