Москвада метродогу кырсыктан жаракат алган кыргызстандык Марасулов Медербек Махаматмусаевич жандандыруу бөлүмүндө дарыланууда. 1987-жылы Ош облусунда туулган Кыргызстандын жараны кырсыктан кийин тик учак менен бейтапканага жеткирилген. Кечээ анын абалы оор деп жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.
Бүгүн, 16-июлда аны жаракат жана сыныктар бөлүмүнө которуу каралып жатат. Кырсык учурунда анын оң көкүрөгү, өпкөсү, буттары жабыркаган. Дарыгерлер Кыргызстандын жаранына медициналык жардам көрсөтүшүүдө. Ал Орусия тараптан акысыз дарыланат. Бул тууралуу КРнын Орусиядагы элчилигинин басма сөз кызматы билдирди.
Эске салсак, 15-июлда эртең менен "Славян бульвары" станциясынан 200 метр алыстыкта поезд тез токтоп, 3 вагон рельстен чыгып кеткен. Метродогу кырсыктан көз жумгандардын саны 22ге, жаракат алгандардын саны 140ка жеткени, жабыркагандардын жана каза болгондордун арасында чет өлкөлүктөр да бар экени айтылган.
Орусиядагы Кыргызстандын элчилиги жабыркагандардын жана каза болгондордун арасында кыргызстандыктар бар экенин маалымдаган.