Аба ырайы, 23-июль: Өлкө аймагында түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт
Өлкөдө 23-июлда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу аймактарда кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.
Чүй облусу. Күндүз +35°C, түнкүсүн +16°C
Талас облусу. Күндүз +34°C, түнкүсүн +11°C
Ош жана Жалал-Абад облустары. Күндүз +37°C, түнкүсүн +18°C