Сот Ахматбек Келдибековду сот залынан бошотуп, чет өлкөдө дарыланууга уруксат берди

Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту 8 айдан бери тергөө абагында жаткан Ахматбек Келдибековду сот залынан бошотуп, үй камагына чыгарды. Ошондой эле чет өлкөдө дарыланууга уруксат берди. Мындай чечимди бүгүнкү сот процессинде Абдразак Боромбаев баштаган соттук коллегия чыгарды. 

Буга чейин айыпталуучунун жактоочусу Татьяна Чильникина соттон Ахматбек Келдибековду оорусуна байланыштуу үй камагына чыгарууну суранган. Сот отурумунда айыпталуучу Келдибеков дагы “Мен күнөөсүз экенимди далилдеп берүүгө даярмын. Менин ден соолугум маанилүү” деп, чет өлкөдөн дарыланып келүүгө уруксат сураган эле.

Биринчи Май райондук сотунун чечимине ылайык, Ахматбек Келдибековдун ден соолугу калыбына келгиче соттук териштирүүлөр убактылуу токтотулат.

Эске салсак, Башкы прокуратура тарабынан 2013-жылы 20-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаты Ахматбек Келдибеков камакка алынган

Ахматбек Келдибековго Германияда дарыланууга уруксат берилди
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан