“Жибек Жолу көчөсүндө 22 жаштагы кызды зордуктап, мыкаачылык менен өлтүргөн” деп шектелип жаткан жаран өз күнөөсүн толугу менен мойнуна алды. Бул тууралуу Бишкек шаардык Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгынын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн башчысы Нурмат Давлетов бүгүн, 1-августта билдирди.
“Кылмышка шектүү 21 жаштагы Азамат Мусуркулов күнөөсүн толугу менен мойнуна алды. Далил зат катары өлгөн 22 жаштагы кыздын уюлдук телефону алынды. Телефонду Жумгал районундагы кайнисине салып жиберген. Учурда кылмышка шектүү убактылуу кармоочу жайда”,- деди Нурмат Давлетов.
Эске салсак, Жибек Жолу жана Орозбеков көчөлөрүнүн кесилишинен белгисиз адамдар тарабынан өлтүрүлгөн айымдын жансыз денеси табылган. Болжол менен 20-25 жаштардагы кыздын жансыз денесин 24-июлда эң алгач таңкы саат 5:00 чамасында ошол аймакты тазалап иштеген адам көрүп, милицияга кабар берген.